Бишкекте азык-түлүк коопсуздугу жана азыктануу жөнүндө форум өтөт

Коом 0

Бишкек, 13.05.19. /Кабар/. Эртең, 14-майда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугу жана азыктануу боюнча кырдаалды жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрү жана көйгөйлөрү жөнүндө форум өткөрөт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, форумдун негизги максаты азык-түлүк коопсуздугуна жетишүү жана азыктануунун сапатын жакшыртуу чөйрөсүндө ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан бийлик органдары менен башка тараптардын ортосундагы ишмердикти көзөмөлдөөнү жана интеграциялоону жакшыртуу болуп саналат.

Билдирүүгө ылайык, форумдун алкагында 2 тема талкууланат. Алар: мамлекеттин азык-түлүк коопсуздугу жана азыктанууну жакшыртуу чөйрөсүндөгү саясаты; калктын азыктануусунун сапатын жакшыртуу жана азык-түлүк коопсуздугуна жетишүүгө катышып жаткан бардык тараптардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө жана интеграциялоо.

Пикир

Оставить комментарий