• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте бүгүн саат 16:00дөн тарта троллейбустар убактылуу токтойт

Коом 0

Бишкек, 24.10.23. /Кабар/. Бишкекте бүгүн саат 16:00дөн тарта троллейбустар убактылуу токтойт, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Троллейбустардын иши 1,5 саатка токтотулат, алар кайрадан саат 17:30дан тарта жүргүнчүлөрдү ташый баштайт.

Мындай чара 23-25-октябрга чейин Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындары өткөндүгү байланыштуу көрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий