Бишкекте бүгүндөн тарта №227 автобус каттай баштады

Коом 0

Бишкек, 15.05.24. /Кабар/. Бишкекте бүгүн, 15-майдан тарта №227 автобус каттай баштады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, буга чейин бул каттамда кичи автобус иштеп келген.

Автобус “Ак-Ордо” конушунан жана Көк-Жар конушуна чейин каттайт. Бул линияда 20 автобус, тейлөө аралыгы 8-10 мүнөттү түзөт.

"Коомдук транспорттун кыймылын “Менин шаарым” мобилдик тиркемесинде көзөмөлдөй аласыз. Алардын ар бири GPS трекери жана накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн валидаторлор менен жабдылган", - деп айтылат.

Белгилей кетсек, бара-бара бардык кичи автобустар толугу менен автобустарга алмаштырылат.

Пикир

Оставить комментарий