• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк медайымдардын күнү белгиленди

Коом 0

Бишкек, 11.05.24. /Кабар/. Бүгүн Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында жыл сайын 12-майда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк медайымдардын күнүнө карата майрамдык салтанат өттү.

Иш-чарага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Жогорку Кеңештин депутаттары Винера Раимбачаева жана Айбек Маткеримов, саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилеринин жана кызматкерлеринин катышуусунда өттү.

Быйылкы жылы майрамдын урматына республика боюнча 95 адис «Саламаттык сактоонун ардактатуу кызматкери» төш ​​белгиси, 21 адис Ардак грамота менен сыйланды. Мындан тышкары, КР Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан саламаттыкты сактоо тармагына кошкон салымы жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Алымкадыр Бейшеналиев өз сөзүндө калкка медициналык жардам көрсөтүү процессинде медайымдардын ролунун маанилүүлүгүн белгиледи.

"Бүткүл дүйнөдө медайым дарылоо процессинде дарыгердин тең укуктуу өнөктөшү болуп саналат. Саламаттыкты сактоо тармагындагы реформаларды жигердүү ишке ашыруунун негизинде билимди жогорулатуу жана илимге жол ачуу максатында бакалавр даражасы киргизилди. Ага ылайык медайымдын функцияларына көз караш өзгөрдү.

Эгерде мурда оорулууларга камкордук берүүгө басым жасалса, азыр медайым башка медициналык адистер менен бирге алардын өнөктөшү катары иш алып барып, өз алдынча саламаттыкты сактоо тармагындагы изилдөөлөргө катышып, билимин жогорулатып заманбап дүйнөнүн чакырыктарына жооп бере турган адис катары иш алып барып жатат. Азыркы учурда биздин өкмөт тарабынан медициналык кызматкерлерди колдоо максатында ипотека аркылуу турак-жай менен камсыздандыруу, айлык маянаны көтөрүү боюнча чон иш чаралар жүргүзүлүп жатат", - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий