• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте баңгизат сатуучулар 7,5 кг буйрутманы "Яндекс" аркылуу жөнөтүшкөн

Укук тартиби 0


Бишкек, 19.07.24. /Кабар/. Бишкекте ири өлчөмдө баңгизат саткан жарандар кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-июлда милицияга Бишкек шаарынын Манас 195 "А" дарегинде жашаган "М" аттуу европа улутундагы жаран "К" аттуу жаран менен бирге синтетикалык баңгизаттарды сатуу менен алектенип жүргөндүгү боюнча маалымат түшкөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө "Яндекс" тез жеткирүү кызматынын жумушчулары баштыкчаларга оролгон белгисиз заттарды алып жаткан жеринен кармалган. Алар аталган дарекке тез жеткирүү кызматынан буйрутма менен келип, бейтааныш жарандардан алгандыгын түшүндүрүшкөн.

Аталган факты боюнча Свердлов РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине (баңгизат каражаттарын мыйзамсыз сатып өткөрүү максатында, мыйзамсыз даярдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1983-жылы туулган К.М., 1991-жылы туулган Ш.А, 1985-жылы туулган Ж.С, 1982-жылы туулган М.О жана 2002-жылы туулган С.К. аттуу шектүүлөр кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ал эми алынган синтетикалык баңгизаттардын жалпы салмагы таңгагы менен бирге 7 кг 409 граммды, болжолдуу баасы 51 млн 863 миң сомду түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий