• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

Бишкекте "Баңгизаттар жана укуктук кесепеттер" темасында тренинг өттү

Коом 0

Бишкек, 12.11.24. /Кабар/. Бишкекте баңгизат маселелерине жана алардын укуктук кесепеттерине арналган "Баңгизаттар жана укуктук кесепеттер" темасында адистештирилген тренинг өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Иш-чара Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын демилгеси боюнча ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен өтүп, ага ар кайсы жогорку окуу жайлардын студенттери катышты.

Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар баңгиликке берилүүнүн актуалдуу проблемалары, алдын алуунун колдонуудагы ыкмалары, ошондой эле Кыргызстанда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө багытталган мыйзам демилгелери менен таанышышты.

Негизги басым баңгизаттарга байланыштуу мыйзамдарды бузуу менен келип чыгышы мүмкүн болгон укуктук кесепеттерге, анын ичинде баңгизаттарды мыйзамсыз сактоо, бөлүштүрүү жана колдонуу үчүн кылмыш жоопкерчилигине көңүл бурулду.

Тренинг студенттер арасында мыйзамдуулук жана маалымдуулук маданиятын жайылтууда, ошондой эле Кыргызстанда баңгиликке каршы күрөшүүнүн натыйжалуу механизмдерин калыптандырууда маанилүү кадам болуп калды.

Иш-чаранын аягында бардык катышуучуларга тиешелүү сертификаттар берилди, ал эми эң активдүү катышуучуларга ИИМдин БМЖКККнын белектери тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий