Бишкекте баңгизаттарды таратуу боюнча жарнамалар сырдалууда

Коом 0

Бишкек, 07.06.24./Кабар/. Бишкекте баңгизаттарды таратуу боюнча жарнамалар сырдалууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Биринчи май райондук милициясынын кызматкерлери райондук МАБ өкүлдөрү менен биргеликте имараттардын фасадына жана имараттардын дубалдарына баңги жана психотроптук заттарды таратуу боюнча граффити түрүндө илинген жана кылмыш иши тууралуу маалыматты камтыган жазууларды сырдоо боюнча рейд өткөрүлдү.

"Мыйзамсыз жарнамаларга туш болсоңуз же баңгизатын таратуу фактылары тууралуу маалыматыңыз болсо, анонимдүүлүк шарты менен төмөнкү атайын номерлерге 102; 0312 66 06 16; 0312 66 02 44 кабарлап, ошондой эле муниципалдык администрациянын жана ички иштер башкармалыгынын социалдык тармактардагы расмий баракчаларына билдирүү жөнөтсөңүз болот", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий