• 85.5
  • 93.28
  • 0.89

Бишкекте баңгизаттардын жайылышына каршы күрөшүү маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 16.10.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Күн мурун билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын саламаттыкты сактоо боюнча аймактык кеңешчиси Милош Стоянович менен жолугушту.

Билим берүү минисрлигинен билидиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстанда баңгизаттардын жайылышына жана колдонулушуна каршы күрөшүү боюнча кызматташуунун негизги аспекттерин талкуулашты.

Муратбек Касымалиев БУУ БКБнын Борбор Азия өлкөлөрүндөгү ишинин маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Милош Стоянович БУУ БКБнын аймактагы ишмердүүлүгүн тартуулап, Кыргызстанда ишке ашырууну сунуштап жаткан баңгизаттарга каршы күрөшүүнүн жаңы стандарттары менен тааныштырды.

Ошондой эле тараптар Кыргызстандагы баңгизаттар боюнча учурдагы кырдаалды жана Өзбекстанда БУУ БКБнын жаңы стандарттарын киргизүүнүн ийгиликтүү тажрыйбасын талкуулашты.

Муну менен катар, министрлик БУУ БКБнын демилгелерин толук колдоорун жана сунушталган программаларды ишке ашырууда ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий