Бишкекте «Баарыбыз коррупцияга каршыбыз!» сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Коом 0

Бишкек, 08.12.23. /Кабар/. Бишкекте «Баарыбыз коррупцияга каршыбыз!» сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Көзөмөл органынан белгилешкендей, сынак Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата Башкы прокуратура тарабынан уюштурулган

Аталган сынак тууралуу маалымат ушул жылдын май айында жарыяланып, ага өлкөнүн булуң-бурчунда жашаган 14 жаштан 35 жашка чейинки Кыргыз Республикасынын жарандары жекече жана чыгармачыл топ катары катышты.

Сынак негизинен “Мыкты плакат” жана “Мыкты видеоролик” номинацияларында жүргүзүлүп, жыйынтыгында өлкө боюнча жалпы 2 251 эмгек келип түшкөн. Анын ичинен 1 649у плакаттар болсо, 602си видеороликтер түзгөн.

Бүгүн, 8-декабрда Башкы прокуратуранын имаратында өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр компьютер, түстүү сыналгы, ноутбук жана башка баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

Аталган сынак жыл сайын өткөрүлгөндүктөн, каалоочулардын келерки жылы сынакка катышуу мүмкүнгчүлүгү бар.

Пикир

Оставить комментарий