Бишкекте баасы 1 млрд сомдон ашык жер аянты мамлекетке кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 29.05.24. /Кабар/. Бишкекте баасы 1 млрд сомдон кымбат болгон 2,5 гектар жер аянты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан Бишкек шаарынын аймагындагы муниципалдык жер тилкелерин кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз берүү фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан максаттуу иштердин жүрүшүндө козголгон кылмыш ишинин алкагында муниципалдык жер участогун төмөндөтүлгөн нарк боюнча сатып алуу жана алдын ала макулдашуу боюнча жеке менчикке чыгаруу фактысы аныкталды.

Тактап айтканда, Тыналиев көчөсүндө жайгашкан 2,5 гектар жер тилкеси орто мектепти долбоорлоо жана куруу үчүн убактылуу пайдаланууга берилген. Андан соң аталган жер тилкеси Бишкек шаардык мэриясынын кызматкерлери менен алдын ала макулдашуудан кийин 2011-жылы аукцион аркылуу 340 миң АКШ долларына жеке менчикке алынган, бирок аталган участоктун ошол кездеги иш жүзүндөгү базар баасы 2 млн АКШ долларын түзгөн.

Мындан тышкары, жер тилкесинин баштапкы багыты социалдык мааниге ээ экендиги аныкталып, ал соода борбору бар көп кабаттуу турак жай комплексин куруу үчүн өзгөртүлгөн.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жер тилкесинин ээси аталган участокту мамлекеттин балансына өз ыктыяры менен акысыз өткөрүп берди.

Учурда ушул сыяктуу фактыларды жана тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий