• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

Бишкекте бактарды мыйзамсыз кыйгандардын иши укук коргоо органдарына өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 13.11.24. /Кабар/. Бишкекте бактарды мыйзамсыз кыйгандардын иши укук коргоо органдарына өткөрүлдү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, Бишкек шаарындагы Новопавловка айылындагы теректерди мыйзамсыз кыюуга бөгөт коюлду. Анда Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча инспекторлору 4 даана терек мыйзамсыз кыйылып, экологияга 50 863 сом зыян келтиргенин аныкташкан.

Иштин материалдары мыйзам бузуучуларга карата чараларды көрүү жана андан ары иликтөө үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Министрлик тургундарга жашыл мейкиндикти сактоонун маанилүүлүгүн эскертип, дарактар абаны тазалайт жана жашоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөрүн белгиледи.

"Бак-дарактарды кыюунун ордуна, жарандарды бак-дарактарды тигүүгө жана багууга активдүү катышууга чакырабыз. Ар бир отургузулган көчөттөр биздин экосистеманын келечегине жана коомдун ден-соолугуна салым кошот. Жаратылышты коргоо аракеттерине кошулуңуз- бак-дарактарды кыйбай, отургузуңуз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий