• 84.2
  • 92.94
  • 0.93

Бишкекте бала бакчалардын кызматкерлерине окутуулар өткөрүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 20.01.21. /Кабар/. Бишкекте бала бакчалардын кызматкерлерине окутуулар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ленин райондук бөлүмүнүн кызматкерлери мугалимдерге өрт коопсуздугу боюнча көрсөтмөлөрдү системалуу түрдө өткөрүп турушат.

“Бул жолу Ленин районунун алты мектепке чейинки билим берүү мекемесинин педагогдоруна өзгөчө кырдаалдарда туура жүрүм-турум жөнүндө айтып беришти, 28 кызматкер практикалык окуудан өтүштү, эми мугалимдер өрттөн кабарлоо тутуму, өрткө каршы штаттык бригаданы чакыруу тартиби жана коопсуздук чаралары жөнүндө дагы жакшы билишет”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий