Бишкекте Балдар эмгегине каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 11.06.24. /Кабар/. Бүгүн, 11-июнда, Кыргызстандын кесиптик кошуундар федерациясынын жыйындар залында Балдар эмгегине каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналган иш-чара өттү.

Иш-чараны Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн катчылыгы Кыргызстан кесиптик кошуундар федерациясы, Бишкек шаарынын мэриясы жана «Бир дүйнө-Кыргызстан» коомдук бирикмеси менен биргеликте, Фридрих Эберт Фондунун өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен уюштурган.

Иш-чарага мектеп жана колледждерден 40 бала, ошондой эле орто жана жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү, мамлекеттик органдардын, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын негизги максаттары болуп балдардын эмгегин пайдалануу маселеси боюнча маалымдуулукту жогорулатуу, балдарга эмгек укуктары жана кесиптик кошуундар көрсөтө ала турган колдоо тууралуу маалымат берүү болгон. Мындан тышкары, балдардын укуктарын коргоо боюнча жооптуу орган менен кесиптик бирликтердин өкүлдөрүнүн иштеген балдардын укуктарын коргоо боюнча өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү маселеси боюнча талкуу жана тажрыйба алмашуу болду.

Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаева, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Жыпариса Рысбекова, Кесиптик кошуундар федерациясынын төрагасы Мурадил Жумадилде уулу, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева жана Фридрих Эберт фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүктүн директору Филипп Ян сөз сүйлөштү.

Асел Чынбаева белгилегендей, иш-чара балдар эмгегинин көйгөйүнө көңүл буруу жана аны жоюу боюнча биргелешкен аракеттерди күчөтүү максатын көздөйт. «Балдар биздин келечегибиз, алар өсүп-өнүгүшүнө шарт түзүүгө милдеттүүбүз», - деп билдирди Асел Чынбаева.

Иш-чарада балдар эмгегине каршы күрөшүүдө биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгү ырасталып, бул багыттагы иштерди улантуу зарылдыгы белгиленди. Катышуучулар балдардын укуктарын коргоого активдүү катышып, салым кошкондугу үчүн бардыгына ыраазычылык билдиришти.

Балдар жана меймандар үчүн "Дордой" даректүү тасмасы, интерактивдүү оюндар жана видеороликтер көрсөтүлдү. Алар үчүн өздөрүнүн эмгек укуктары жана кесиптик кошуундардан ала турган колдоону билүү өзгөчө маанилүү болду. Өз укуктарын коргоо, жардам жана кеңештерди алуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо иш-чаранын негизги бөлүгүн түздү. Балдар ошондой эле балдар эмгегин жоюуга багытталган ийгиликтүү иштердин жана демилгелердин реалдуу мисалдары менен таанышты.

Мындан тышкары, балдар үчүн тармактык кесиптик кошуундар боюнча экскурсия уюштурулуп, алар суроолорун берип, кеп-кеңештерди ала алышты.

Пикир

Оставить комментарий