• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

Бишкекте балдар иштери боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны өттү

Коом 0

Бишкек, 11.10.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Бишкекте бүгүн, 11-октябрда Балдар иштери боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.


Муниципалиттетен билдиришкендей, Свердлов райондук администрациясынын башчысынын орун басары Асел Садыкованын төрагалыгы алдында өтүп, жыйынга үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн адистери, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын атайын күзөт кызматынын жол инспекторлору жана комиссиянын курамына кирген бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө комиссиянын отурумунда бекитилген күн тартибине ылайык, убактылуу интернаттык мекемелерге жайгаштыруу, мүлктүк мүнөздөгү маселелер жана балдар арасындагы укук бузуулар боюнча 45 материал каралды.

Бардык материалдардын негизинде тиешелүү чечимдер кабыл алынып , үй-бүлө менен жекече иш жүргүзүүнүн пландары жана балдарды коргоо боюнча жеке пландар бекитилди.

Пикир

Оставить комментарий