Бишкекте балдарды чана менен сүйрөгөн маршрутканын айдоочусу айыпка жыгылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.01.23 /Кабар/.Бишкекте балдарды чана менен сүйрөгөн маршрутканын айдоочусу айыпка жыгылды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кичи автобустун айдоочусуна карата авто ээнбаштык кылгандыгы үчүн 7 миң 500 сом айып салынып, унаасы убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди.

Белгилей кетсек, маршрутканын айдоочусу балдар отурган чананы унаага байлап алып, эч кандай коопсуздук чараларын сактабастан унаасын айдап бараткан видео тараган.

Пикир

Оставить комментарий