• 87
  • 90.63
  • 0.79

Бишкекте “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” аталышындагы мэрлердин форуму өттү

Коом 0

Бишкек, 26.11.24. /Кабар/. Күн мурун Бишкек шаарында “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” аталышындагы шаар мэрлеринин форуму болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага маданият министринин орун басары Марат Тагаев, БУУнун Балдар фондунун Кыргызстандагы өкүлү Самман Джунг Тапа жана өлкөнүн бардык аймактарынан келген шаар башчылары, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана муниципалитеттердин өкүлдөрү катышты.

Форумдун жүрүшүндө Марат Тагаев муниципалитеттердин балдардын жана жаштардын жашоосуна ыңгайлуу шарттарды түзүүдөгү ордуна токтолду.

“Балдардын жана жаштардын кызыкчылыгына ылайык шаарларды куруу – бул өлкөбүздүн келечегине болгон инвестиция. Биз ар бир бала жана жаш адам жашоосуна тиешелүү чечимдерди кабыл алууга активдүү катыша ала турган инклюзивдүү башкаруу моделин түзүүгө умтулабыз. Министрлик бул демилгелерди ишке ашырууда шаарларга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр”, - деп белгиледи ал өз сөзүндө.

Форум балдардын жана жаштардын ар тараптуу өнүгүүсүнө шарт түзүү үчүн кызматташтыкты жана аракеттерди бекемдөөгө багытталган. Иш-чаранын алкагында 2022–2023-жылдар үчүн ““Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” аттуу сынактын жыйынтыгы чыгарылып, кийинки этапка катышуу тартиби сунушталды. Катышуучулар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балдарга жана жаштарга ыңгайлуулугун баалоо көрсөткүчтөрүн, ошондой эле бул чөйрөдөгү прогрессти мониторинг жүргүзүү жана баалоо механизмдерин талкуулашты.

БУУнун Балдар фондунун Кыргызстандагы башчысы Самман Джунг Тапа форумдун маанилүүлүгүн баса белгиледи. "Балдардын жана жаштардын кызыкчылыгына ылайык шаарлар – бул жаш муундардын жашоосун жакшыртуунун ачкычы гана эмес, ошондой эле коомдун туруктуу өнүгүүсүнүн негизи. Биз бул маанилүү программаны ишке ашырууда Кыргызстан менен кызматташып жатканыбызга кубанычтабыз", - деди ал.

Белгилей кетсек, сынак “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу муниципалитеттер” программасынын алкагында өткөрүлөт. Бул программа министрлер кабинети жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн биргелешкен демилгеси болуп саналат. Анын негизги максаты – балдар менен жаштардын муктаждыктарына багытталган инклюзивдүү саясатты киргизүүгө жана ресурстарды туура бөлүштүрүүгө муниципалитеттерди стимулдаштыруу.

Пикир

Оставить комментарий