• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

Борбор калаада башаламан соодага каршы рейддер жүрөт

Коом 0

Бишкек, 09.10.24. /Кабар/. Муниципалдык инспекция калаанын көчөлөрүндө мыйзамсыз соода кылгандарга каршы рейд жүргүзөт. Мындай маалыматты Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы таратты.

Маалыматка ылайык, мурда мындай иш-чараны райондук администрациялар өткөрүп келишкен.

«Белгиленбеген жерлерде соода жүргүзгөндөргө 3 миң сомдон 13 миң сомго чейин айып салынат. Эми муниципалдык инспекция учурдагы мыйзамдарга ылайык чара көрөт», - деп айтылат маалыматта.

Мэрия жарандардан мыйзамды, тартипти жана тазалыкты сактоону суранат.

Пикир

Оставить комментарий