Бишкекте батирден 75 жаштагы карыянын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 19.10.22. /Кабар/. Бишкекте батирден 75 жаштагы карыянын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар Үмөталиев көчөсүндө жайгашкан үйдүн 4-батиринин бекилип калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1947-жылы туулган М.В.Х. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган.

Кийин сөөк Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп берилген. 4 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий