• 87
  • 90.63
  • 0.79

Бишкекте батирлердин баасы 25% кымбаттады. Статистика

Экономика 0

Бишкек, 04.12.24. /Кабар/. Бишкек шаарында 2024-жылдын 11 айында батирлердин чарчы метринин баасы былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25%га кымбаттады. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин талдоочулары билдирди.

Маалыматка ылайык, жеке типтеги батирлерди эсепке албаганда, быйыл былтыркы жылга салыштырмалуу чарчы метрдин баасы 22,54%га өскөн.

2024-жылдын 11 айында Бишкекте турак жайдын чарчы метринин баасы жеке тибиндеги батирлерди кошкондо 1 миң 274 долларды, эсепке албаганда 1 миң 364 долларды түздү.

Ички ремонт иштери бүтө элек (ПСО) боюнча сатылган жеке типтеги батирлер орточо бааны 7,11%га төмөндөткөн (2023-жылы бул көрсөткүч 6,8%ды түзгөн).

Ал эми райондор боюнча алсак, Ленин районунда бир чарчы батирдин баасы 25,6%, Биринчи майда 26,4%, Свердлов районунда 23,6%, Октябрь районунда 24,6% кымбаттады.

Ошондой эле жеке турак жайлардын чарчы метринин наркы да жогорулады. Ленин районунда батирлердин чарчы метринин наркы 29,1 пайызга, Биринчи май районунда — 25,1 пайызга, Свердлов районунда — 39,8 пайызга, Октябрь районунда — 31,3 пайызга, жогорулаган.

Пикир

Оставить комментарий