Бишкек, 02.11.20. /Кабар/. Бишкекте батирлердин биринен 72 жаштагы пенсионердин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Билдирүүдө айтылгандай, Свердлов районунда 1-ноябрь күнү саат 10:10дө куткаруучулар Ибраимов көчөсүндө жайгашкан №28 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачышкан. Батирдин ичинен 72 жаштагы аял кишинин жансыз денеси табылган.
Маркумдун жансыз денеси милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Пикир
Оставить комментарий