Бишкекте белгилүү даталарга арналган чоң концерт өттү – сүрөт

Маданият 0

Бишкек, 30.05.24. /Кабар/. Күн мурун Бишкек шаарындагы Эски аянтында Куралдуу күчтөрдүн түзүлгөн күнү жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата чоң программадагы концерт өттү.

Коргоо министрлигинен билдиришкендей, концерттик программада Борбордук армия үйүнүн, өзүнчө аскердик көрсөтмөлүү оркестринин, регионалдык армия үйүнүн чыгармачыл тобу өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Концертке шаар тургундары жана коноктору, аскер кызматчылар, куралдуу күчтөрдүн ардагерлери күбө болушуп, анда , адаттан тыш болгон концерттик программа көрүүчүлөрдүн купулуна толду.

Эскерте кетсек, буга чейин аталган чыгармачыл топ Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында концерттик программа тартуулап келишкен.

Алдыда Ош, Жалал-Абад, Бакен облустарында өз өнөрлөрүн тартуулашат.

Пикир

Оставить комментарий