• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Бишкекте BIF – 2024 бизнес жана инвестиция форуму өтөт

Коом 0

Бишкек, 21.10.24. /Кабар/. Бишкек шаарында JIA бизнес-ассоциациясы тарабынан 24-25-октябрь күндөрү BIF 2024 - бизнес жана инвестиция тармагындагы форум өтөт. Бул тууралуу JIA бизнес-ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Уюштуруучулардын айтымында, “BIF 2024” иш-чарасына бул жолу 18 өлкөдөн бизнес-делегациялардын келери күтүлүүдө.

Бишкек инвестициялык форуму кичи жана орто бизнестин, инвесторлор жана мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүүсү үчүн негизги аянтча болуп, форумдун катышуучулары экономикадагы жана бизнес-чөйрөдөгү күтүлүп жаткан тенденцияларды, өзгөрүүлөрдү талкуулашат.

Белгилей кетсек, 2015-жылы негизделгенден бери форумда ондогон келечектүү бизнес долбоорлор сунушталып, аларга 20 миллион АКШ долларынан ашык инвестиция тартылган.

1066 долбоор жарыяланып, тандоонун натыйжасында каталогго 198и киргизилген. Анын ичинде 2015-жылы 6 долбоор, 2016-жылы 14 долбоор, 2017-жылы 11 долбоор, 2019-жылы 10, 2022-жылы 3 долбоор киргизилген.

Маалымат үчүн: BIF жыл сайын эң ийгиликтүү жана келечектүү бизнес долбоорлорун көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Форумдун алкагында катышуучулар инвестиция, экономика жана бизнес чөйрөсүндөгү күтүлүп жаткан тенденцияларды жана өзгөрүүлөрдү талкуулашат, ошондой эле кызматташуунун жаңы векторлорун табышат.

Пикир

Оставить комментарий