Бишкекте “Билим берүүнү трансформациялоонун заманбап стратегиялары” аталышында форум өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 01.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Бишкекте “Билим берүүнү трансформациялоонун заманбап стратегиялары” аталышында форум өтүүдө.

Бүгүн башталган форум 3-июлга чейин созулуп, ал Билим берүү жана илим министрлигинин 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү боюнча стратегиялык пландарын талкуулоо максатын көздөйт.

Ошондой эле иш-чарада АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) каржылаган “Окуу керемет!” долбоорунун ишмердүүлүгүнүн жана АКШнын Айыл чарба департаменти (USDA) каржылаган МакГоверн-Доулдун “Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу” программасынын билим берүү компонентинин жыйынтыктары чыгарылат.

Форумга Билим берүү жана илим министрлигинин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана мугалимдер катышууда.

Пикир

Оставить комментарий