• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Бишкекте билим берүү стандарттары боюнча семинар өтүп жатат

Билим 0

Бишкек, 04.09.24. /Кабар/. 3-сентябрда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргызстандын билим берүү стандарттарын кайра карап чыгуу боюнча семинардын ачылышына катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, семинар окуу программаларын, анын ичинде билим берүү жана предметтик стандарттарды, окуу пландарын иштеп чыгууда реформаларды түшүнүүнү жакшыртууга жана киргизүүгө багытталган.

Семинарга министрдин орун басарлары Муратбек Касымалиев жана Лира Самыкбаева, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлдөрү Самман Жунг Тапа жана Роджер Каннингэм, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, билим берүү тармагындагы эксперттер катышты.

Семинардын катышуучулары дүйнөлүк тажрыйбаны карап, Кыргызстандын предметтик стандарттарынын 21-кылымдын алкактык компетенцияларына шайкештигин талкуулашат. Үч күндүк семинардын жүрүшүндө катышуучулар иш-аракеттер планын даярдоосу күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий