Бишкекте биодааратканалар жана суу ташуучу унаалар коюлду. Даректери

Коом 0

Бишкек, 14.06.24. /Кабар/. Бүгүн, 14-июнда Бишкек шаарынын бир бөлүгүндө таза суу өчүрүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда Бишкектин Саманчин, Малдыбаев, темир жол линиясы жана Ибраимов - Жукеев Пудовкин көчөлөрү менен чектешкен аймагында суу жок.

Бул убакта жолдорду капиталдык оңдоого байланыштуу жана шаардык кызматтардын рационалдуу иштеши үчүн диаметри 400 мм болгон суу түтүктөрүн оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Буга байланыштуу суу өчүрүлгөн аймактарда суу ташуучу унаалар жана биодааратканалар орнотулду:

- Сүйөркулов-Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилиши;
- 3-балдар ооруканасы;
- 10 кичирайон №1 үйдүн каршысы;
- Байтик баатыр-Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилиши;
- Байтик баатыр-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилиши;
- Ахунбаев-Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилиши;
- Жантөшева-Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилиши;
- Жукеев-Пудовкин-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилиши;
- Абай-ЧБЧК (карылар үйүнүн жанында)
- Скрябин-Панфилов көчөлөрүнүн кесилиши;
- Байтик баатыр-Медеров көчөлөрүнүн кесилиши;
- Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилиши-Геологический тилкеси;
- Кулатов-Элебаев көчөлөрүнүн кесилиши;
- Абай-ЧБЧК №61 орто мектептин жанында.

Пикир

Оставить комментарий