• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте бир суткада 987 адам коронавирустан айыгып, 4 адам каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 09.08.21. /Кабар/. Бишкек шаарында 987 адам коронавирус инфекциясынан айыгып, 4 адам каза болду. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 281 адамдан коронавирус жаңы табылды, анын ичинен Ленин районунда – 90, Биринчи май районунда – 46, Октябрь районунда – 57, Свердлов районунда – 41, аймактардан келгендер – 47.

«Коронавирус жаңы табылган 281дин 263ү симптомдуу, 13ү симптомсуз аныкталган. 246 адам амбулатордук, 35 адам стационарда дарыланууда. Тилекке каршы 4 адам каза болду»,-деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаардык мэриясы шаардыктарды санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий