Бишкек, 24.05.21. /Кабар/. Бишкекте бир суткада COVID-19дун 121 жаңы учуру катталды, анын ичинен 72и лабораториялык, 49у клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталды Бул тууралуу брифингде шаардын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Айнагүл Рыскулбекова билдирди.
Анын айтымында, 120нын ичинен 95и шаардыктар. Анын ичинен:
-Ленин районунда – 38;
-Биринчи май районунда – 24;
- Октябрь районунда –11;
- Свердлов районунда – 22.
Ал Кыргызстандын башка аймактарынан келген 26 бейтап шаарга каттоого алынганын белгиледи.
Рыскулбекова шаардыктарды эмдөө алууга жана санитардык талаптарды – колду бат-баттан жууп туруу, бет кап тагынуу, аралыкты сактоону так аткарууга чакырды.
Пикир
Оставить комментарий