Бишкек, 23.11.20. /Кабар/. Бишкек шаарында 13-19-ноябрь күндөрү 6 миң 427 жол эрежесин бузуу катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бир жума ичинде шаарда 60 мас айдоочу кармалган.
Ошондой эле:
- айнектерин караңгылатып айдагандар – 12;
- айдоочулук күбөлүгү жок унаа айдагандар – 121;
- башка жол эреже бузуулар – 6 миң 234.
Ошондой эле 424 унаа айып аянтчасына коюлган.
Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды жол эрежесин так сактоосун суранат.
Пикир
Оставить комментарий