Бишкек, 16.11.20. /Кабар/. Бишкекте 6-12-ноябрь күндөрү 5 миң 752 жол эреже бузуу катталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бир жума ичинде унааны мас абалында айдаган 64 айдоочу кармалган.
Ошондой эле:
- айнектерин караңгылатып айдагандар – 21;
- айдоочулук күблүгү жок унаа айдагандар – 95;
- башка жол эреже бузуулар – 5 миң 572.
Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды жана жөө адамдарды жол эрежелерин сактоого чакырат.
Пикир
Оставить комментарий