• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте бир жумада 4,5 миңге жакын жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.01.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын аймагында 6нан 12-январга чейинки аралыкта 4 миң 402 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- мас абалында унаа башкаруу – 39;
- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо – 15;
- тиешелүү документи жок унаа башкаруу – 39;
- жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулар – 99;
- коопсуздук куру жок унаа башкаруу – 679;
- башка эреже бузуулар – 3 миң 35.

Ал эми ар кандай эреже бузган 496 автоунаа айып короосуна токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий