• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте бир жумада 45 мас айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 27-августунан 2-сентябрына чейин Бишкек шаарынын аймагында 4 миң 395 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашкандай, алардын ичинен:

- мас абалында автоунаа башкаруу - 45;

- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 7;

- айдоочулук кубөлүгү жок авто унаа башкаруу - 41;

- жасалма мамлекеттик номер менен автоунаа башкаруу - 1;

- башка жол эрежелерин бузуулар - 4261. Ар кандай эреже бузган 327 автоунаа айып короо жайына токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий