Бишкек, 16.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 6-августунан 12-августка чейинки аралыкта Бишкек шаарынын аймагында 4 миң 842 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Милициянын кайгуул кызматы билдиргендей, алардын ичинен:
- мас абалында автоунаа башкаруу - 49;
- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 2;
- айдоочулук кубөлүгү жок автоунаа башкаруу - 32;
- “Коопсуз шаар” долбоору боюнча төлөнбөгөн айып пулдары бар айдоочулар - 13 ;
- башка жол эрежелерин бузуулар - 4 746.
310 авто унаа ар кандай жасаган бузуулары үчүн, убактылуу айып короо жайына токтотулду.
Пикир
Оставить комментарий