• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Бишкекте бир жумада 5,4 миңге жакын жол эрежелерин бузуу фактысы катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.04.21. /Кабар/. 2021-жылдын 16-апрелинен 22-апрелине чейин Бишкек шаарынын аймагында кайгуул кызматкерлери тарабынан 5 миң 359 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- мас абалында автоунаа башкаруу — 24;
- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо — 9;
- айдоочулук кубөлүгү жок унаа башкаруу — 48;
- башка жол эрежелерин бузуулар — 5 278.

Ар кандай эреже бузган 333 автоунаа айып короосуна токтотулган.

Бишкек шаардык милициясы боюнча милициянын кайгуул кызматы жол эрежесин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий