Бишкекте бир жумада 56 мас айдоочу аныкталды

Коом 0

Бишкек, 18.06.24. /Кабар/. Бишкекте 10-июндан 16-июнга чейин 7 миң 138 жол эрежесин бузуу фактысы катталды.

Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 51;
  • мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу — 56;
  • унааны каттоо эрежесин бузуу — 145;
  • жол белгилеринин талаптарын аткарбоо — 4055;
  • авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 22;
  • коопсуздук курун тагуунун эрежелерин бузуу — 1153;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 502;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 1154;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 714 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий