Бишкекте бир жумада мас абалында унаа башкарган 53 айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.08.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын аймагында 29-июлдан 4-августка чейинки аралыкта 3 миң 606 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- мас абалында унаа башкаруу - 53;

- терезесин караңгылатып айдоо - 2;

- тиешелүү документи жок рулга отуруу - 25;

- жөө жүргүнчүлөр жана велосипед айдаган жарандар катышкан жол эрежесин бузуулар - 542;

- коопсуздук куру жок унаа башкаруу - 709;

- башка эреже бузуулар - 1 миң 781. Ар кандай эреже бузган 494 автоунаа айып короосуна токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий