Бишкек, 21.12.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын аймагында 11нен 17-декабрга чейинки аралыкта 7 миң 895 жол эрежесин бузуу фактысы катталган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- унааны мас абалында башкаруу - 68;
- терезелерди караңгылатуу - 22;
- тиешелүү документтери жок рулга отуруу- 106;
- башка эреже бузуулар - 7 миң 699. Ал эми 411 айдоочунун унаасы айып унаа токтотуучу жайга токтотулган.
Пикир
Оставить комментарий