• 87.86
  • 93.94
  • 1

Бишкекте бир жумада мас абалында унаа башкарган 90го жакын айдоочу кармалды

Коом 0

Бишкек, 26.12.22. /Кабар/. 16-декабрдан 22-декабрга чейин Бишкек шаарында 3 миң 608 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдиришти.

Алардын ичинен:

- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 58;
- мас абалында транспорт каражаттарын башкаруу - 86;
- авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 16;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эрежесин бузуулар - 23;
- унаада коопсуздук эрежелерин бузуу - 3 812;
- Башка жол эрежелерин бузуу - 2 миң 201;
- айып короосуна токтотулган унаалардын саны - 743.

Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий