• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Бишкекте Бириккен Улуттар Уюмунун күнү салтанаттуу белгиленди

Коом 0

Бишкек, 26.10.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги Улуттук тарых музейинде Бириккен Улуттар Уюмунун күнү салтанаттуу белгиленип, БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү туруктуу өнүгүү боюнча өз ишмердиги менен тааныштырды.

Салтанаттуу иш-чара майрамдык маанай менен өтүп, ага БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве, спортчулар Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Эрлан Шеров, Бекзат Алмаз уулу, Айтунук Жоомарт кызы жана бир катар паралимпиада спортчулары, ошондой эле атайын чакырылган коноктор катышты.

Иш-чара концерттик шоу программа менен коштолуп, катышучуулар ушу боюнча мастер-класс, квиз, адам укуктары боюнча квиз, сүрөт тартуу боюнча конкурстарга, аквагрим жана интерактивдүү оюндарга катыша алышты.

Мындан сырткары, иш-чарада БУУнун Кыргызстан менен биргеликте климаттык иш-аракеттери, аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, адам укуктары темалары боюнча талкуулар өттү.

Белгилей кетсек, БУУнун күнү 1948-жылдан бери 24-октябрда белгиленип келет. 1945-жылы бул күнү БУУнун уставы күчүнө кирген.

Маалымат үчүн: Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) — эл аралык тынчтыкты, коопсуздукту колдоо жана бекемдөө, мамлекеттер аралык тынчтык кызматташтыгын өнүктүрүү максатында суверендүү мамлекеттердин ыктыярдуу биригүүсүнүн негизинде түзүлгөн эл аралык уюм.

Пикир

Оставить комментарий