Бишкекте гүлдөрдөн жасалган "Бишкек 2021" жана "Кыргызстан 30 жыл" жазуулары пайда болду

Коом 0

Бишкек, 08.06.21./Кабар/. "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын жашылдандыруучулары Чолпон-Ата көчөсүнүн боюндагы көк майсанды кооздошту. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, борбор калаада гүлдөрдөн жасалган "Бишкек 2021" жана "Кыргызстан 30 жыл" жазуулары пайда болду.

"Идеяны ишке ашыруу үчүн 75 миң 830 гүл отургузулду, анын 70 миң 320сы колеус, 5 миң 510ну кызыл сальвия. Гүлдөрдү отургузуу жана жазууларды кооздоо үчүн күнөскананын 12 кызматкери тартылды", - деп айтылат билдирүүдө.

Муниципалитеттен баса белгилешкендей, ошондой эле ишкананын кызматкерлери түнкүсүн жашыл аянттарды сугат арыктары жана авто унаа менен сугарууну жүргүзүшүүдө.

Октябрь районунун Карл Маркс, Каралаев, Байтик Баатыр, Малдыбаев, Ахунбаев, Токомбаев, Алматы көчөлөрүндө жана "Физкультурный" паркында көчөттөр сугарылды. Биринчи май районунда Эркиндик бульварында Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин, Тоголок Молдо сейил багында түнкү сугат жүргүзүлдү.

Свердлов районунда багбандар Театралный паркында, Жибек-Жолу проспектисинин боюнда, Гоголь, Ауэзов, Салиев көчөлөрүнө чейин, Достоевский жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде, Чыгыш-5 кичи районунун аянтчаларында жана Мадина базарынын маңдайындагы жашыл аянтчаларды сугарышты.

Ленин районунда авто унаа менен сугаруу Ахунбаев жана Тыналиев көчөлөрү менен Манас проспектиси боюнча жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий