Бишкек, 14.12.18. /Кабар/. 14-15-декабрь күндөрү Бишкек шаарынын конуштарында “Биз кара түтүнгө каршыбыз” аттуу кербен жүрөт. Кербенге 8 төө катышат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
“Бүгүнкү күнү шаарыбыздагы экологиялык абал кыйын абалда турат. Ыштын иси шаардын борбор тарабын айтпаганда тоого жакын жаңы конуштарда сезилет”, - деп билдирет мэрия.
Ошондой эле бул көйгөйдү чечүүнүн бир жолу газ мештерин орнотуу экени айтылат.
Пикир
Оставить комментарий