Бишкек, 15.11.24. /Кабар/. Бишкекте 19-23-ноябрь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.
Жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Бокс федерациясы тарабынан тиешелүү даражадагы дипломдор жана медалдар тапшырылат.
Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:
- эркектер: 48, 51, 54, 57, 60, 63.5, 67, 71, 75, 80, 86, 92, +92 кг;
- кыз-келиндер: 48, 50, 52, 54, 57, 60, 63, 66, 70, 75, 81, +81 кг.
Мелдеш 19-ноябрь саат 12:00дө башталат.
Пикир
Оставить комментарий