Бишкекте боору алмаштырылган бейтаптын абалы туруктуу – министрлик

Ден соолук 0


Бишкек, 11.06.24. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев күн мурун боору алмаштырылган бейтаптын абалы менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Учурда бейтаптын жана донордун абалы туруктуу деп бааланууда.

Кыргыз-түрк достугу ооруканасында ушу тапта 50 жаштагы аялдын боорун алмаштыруу боюнча экинчи операция жасалууда. Ага кызы донор болуп жатат.

Кыргызстандык дарыгерлерге түркиялык адистер көмөктөшүүдө.

Белгилей кетсек, күн мурун Кыргызстанда биринчи жолу боор алмаштыруу операциясы ийгиликтүү аяктаган болчу.

Операцияга кеткен чыгымдардын баары президенттин фондунан каржыланып, ооруканага керектүү каражаттарды жана жабдууларды сатып алууга 1 млн доллар бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий