• 87
  • 91.29
  • 0.84

Бишкекте Борбор Азиядагы лидер айымдардын кезектеги форуму өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 15.11.24. /Кабар/. Бишкекте Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаеванын катышуусунда Борбор Азия өлкөлөрүнүн айымдарынын диалогунун жыйынтыктоочу отурумдары өтүүдө.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, аталган форумга быйыл Кыргызстан төрагалык кылууда. Анын алкагында Бишкекте буга чейин эки форум өткөрүлгөн.

Үчүнчү жыйынтыктоочу форум күн мурун “Борбор Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөрдүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн тездетүүчү инноватор аялдар” аталышындагы ЭКСПО менен башталып, анын алкагында кыргыз кыз-келиндери өздөрү жасаган кол эмгектерин көрсөтүштү. Мындан тышкары, Кыргызстанда өндүрүлгөн экологиялык азык-түлүк үлгүлөрү да тартууланды.

Жамиля Исаева мындай көргөзмөлөр аялдар арасында ишкерчиликти өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгилеп, аталган багытта Борбор Азиядагы кыз-келиндердин тажрыйба алмашуусу маанилүү экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, кезектеги форумга катышуу үчүн Казакстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын жана Тажикстандын парламенттик делегациялары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылган.

Пикир

Оставить комментарий