• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Бишкекте Борбор Азиядагы санариптик трансформацияны өнүктүрүүгө арналган форум өттү

Экономика 0

Бишкек, 28.10.24. /Кабар/. Күн мурун Бишкекте Борбор Азия боюнча санариптик трансформацияны тездетүүгө багытталган E-Commerce Expo-2024 форуму өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, иш-чарага бизнес лидерлер, мамлекеттик кызматкерлер, ишкерлер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен уюштурулган форум билим алмашууга, кызматташууга жана катышуучулардын ортосунда маанилүү бизнес байланыштарды түзүүгө багытталган.

Форумдун максаты - Борбор Азия аймагында бизнес байланыштарды тездетүү, кызыкдар тараптардын диалогун илгерилетүү жана электрондук коммерциянын өсүшүн камсыз кылуу, ошону менен бирге катышуучулардын санариптик экономика жөнүндө түшүнүгүн жогорулатуу.

Экономика министринин орун басары Назарбек Малаевдин айтымында, E-COM EXPO-2024 форуму электрондук коммерция рыногун өнүктүрүү боюнча биргелешкен демилгелерди талкуулоо жана иш-чаралардын планын иштеп чыгуу үчүн маанилүү кадам.

“Кыргызстанда электрондук коммерция тездик менен өнүгүп жатат жана ал биздин экономиканын маанилүү компоненти болуп калышы үчүн шарттарды түзүүгө өз аракетибизди жасап жатабыз. Электрондук коммерцияны колдоо боюнча кабыл алынган мыйзамдар жана программалар, ошондой эле жеке сектор жана эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте иш алып баруу ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, электрондук коммерцияга болгон ишенимди жогорулатууга жардам берип жатат”, - деди Малаев.

Пикир

Оставить комментарий