• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Бишкекте борбордук көчөлөрдү бошотуунун экинчи этабы башталды

Коом 0

Бишкек, 12.05.24. /Кабар/. Бишкек шаарында борбордук көчөлөрдү бошотуунун экинчи этабы башталды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ахунбаев көчөсү – 7-Апрель көчөсү (Курманжан Датка) – Чүй проспектиси – Манас проспектиси менен чектелген аймактан чыгарыла турган каттамдар төмөнкүлөр: №138, 163, 192, 202, 207, 220. Жалпы пландык чыгуусу 159 даана кичи автобус.

Эске салсак, 1-этап 10-апрелде башталган. Ага ылайык, № 111, 118, 130, 134, 135, 136 каттамдардын кыймыл чиймеси аталган аймакка кирбей турган болуп өзгөргөн. Унаалардын жалпы саны 135 даана болчу.

Үчүнчү этап 1-июнда башталып, 589 даана пландык чыгуусу менен төмөнкү кичи маршруттук каттамдар калаа сыртына чыгат: № 224, 234, 243, 246, 257, 258, 275 жана “Жүргүнчүлөрдү ташуу бирикмеси” муниципалдык ишканасынын №150, 143, 131, 117, 112, 101, 164, 179, 185, 201, 211, 223, 227, 230, 240, 250, 252, 260, 285, 295 каттамдар.

Пикир

Оставить комментарий