Бишкекте борбордук стадиондун тегерегиндеги курулмалар буздурулууда

Коом 0

Бишкек, 19.06.24. /Кабар/. Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондун айланасындагы курулмалар буздурулууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Курулмалар Мамкурулуштун директору Нурдан Орунтаевдин тапшырмасынын негизинде аталган стадионду реконструкциялоо иштерин жүргүзүү үчүн алынууда.

Бүгүн Бишкек шаарынын архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын инспекторлору жана башкармалыктын башчысы Тилек Кадыкеев менен чогуу стадиондун күн батыш тарабында жайгашкан кошумча имараттарды бузуу үчүн көрсөтмө берилди.

Андан кийин ижарачылар тарабынан 5 кошумча имарат бузулду.

Мамкурулуш бардык куруучуларга Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде иш алып барууну эскертет.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкектин борбордук стадионунда реконструкциялоо иштери башталганы маалымдалган. Анын алкагында трибунанын алдында жайгашкан бөлмөлөрү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, гибриддик оюн талаасы, жаңы автоматтык суугаруу системасы, жарыктандыруу шам-чырактары орнотулуп, чуркоо аянтчалары менен отургучтар толугу менен жаңыланат.

Пикир

Оставить комментарий