• 86.2
  • 91.48
  • 0.88

Ботаникалык бактын аймагынан мыйзамсыз жер тилкелерин берген чиновниктер кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.10.23. /Кабар/. “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалынын экс-директору Б.Б.Ж. жана анын орун басары К.М.З. Э.Гареев атындагы Ботаникалык бактын аймагынан жер тилкелерин мыйзамсыз бергендиги үчүн кармалды.

УКМКдан билдиришкендей, тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалынын жетекчилиги жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан материалдык пайда алуу максатында Улуттук илимдер академиясынын “Көк-Жар” эксперименталдык базасынын балансындагы Бишкек шаарынын И.Ахунбаев көчөсүнүн 1а дареги боюнча жайгашкан жалпы аянты 0,244 га (Ботаникалык бактын түштүк тарабы) жер тилкесин жеке менчикке өткөрүп берүү боюнча коррупциялык схемасы уюштурулганы аныкталды.

Анда, аталган жер тилкелери Э.Гареев атындагы ботаникалык бактын жалпы тосмосунун ичинде жайгашкандыгына карабастан Бишкек шаарынын мэриясынын жасалма токтомун чыгаруу жолу менен мыйзамсыз укук белгилөөчү документтер берилген.

Жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгына ылайык, жер тилкелерин мыйзамсыз берүүдөн келтирилген зыян 31 млн сомдон ашык сумманы түзөт.

Чогултулган материалдардын негизинде “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалынын экс-директору Б.Б.Ж. жана анын орун басары К.М.З. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдардын чөйрөсүн аныктоо, ошондой эле мыйзамсыз алынган жер тилкелерин мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча зарыл болгон тергөө иш-чаралары улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий