Бишкекте БРИКС аял ишкерлер альянсынын КМШдагы алгачкы аймактык кеңсеси ачылат

Экономика 0

Бишкек, 05.06.24. /Кабар/. Бишкекте БРИКС аял ишкерлер альянсынын КМШдагы алгачкы аймактык кеңсеси ачылат. Бул тууралуу Кыргызстандын энергетика тармагындагы аялдар ассоциациясы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда аймактык кеңсе ачуу тууралуу меморандум 2-4-июнда Москвада өткөн БРИКС-2024 аялдар ишкердиги форумунун алкагында кол коюлду.

"Кеңсе КМШ мейкиндигиндеги биринчи аймактык кеңсе болуп, БРИКС жана ЕАЭБдин күн тартибин интеграциялоого кошумча колдоо көрсөтөт. Бул аянтчада аялдардын ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү, ошондой эле кыргызстандык аялдарды БРИКС мейкиндигинде экономикага жигердүү тартууга көмөктөшүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ишкер аялдардын сатуу рынокторуна жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү, ошондой эле бизнес байланыштарды чыңдоо боюнча иштер жүргүзүлөт", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, БРИКС-2024 аялдар ишкердиги форумуна 30 мамлекеттен 300дөн ашуун делегаттар катышты. Анда санарип технологиялар, энергетика, өнөр жай, азык-түлүк коопсуздугу, айыл чарба, креативдүү индустрия, инклюзивдик экономика, ESG күн тартиби жана туруктуу өнүктүрүү маселелери талкууланды.


БРИКС аял ишкерлеринин альянсы 2020-жылы июлда түзүлгөн. 2 жылда уюм катышуучулардын ортосунда маданий жана экономикалык байланыштарды тереңдетүү менен аял ишкерлеринин эл аралык коомчулугун түзө алды.

Пикир

Оставить комментарий