• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте былтыр 42 жөө жүргүнчү каза болгон – кайгуул кызматкерлери рейддик иш-чара өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 02.02.22. /Кабар/. 2021-жылы Бишкекте жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кетүү фактысы менен 1 миң 346 жол кырсыгы катталып, 1 миң 384 жаран жабыркап, 42 жөө жүргүнчү каза болгон.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, жөө жүргүнчүлөр катышкан жол кырсыктарын алдын алуу максатында милициянын кайгуул кызматы борбор калаадагы автомектептердин курсанттарынын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда “Жөө жүргүнчү” аталышындагы рейддик иш-чара өткөрдү.

Анын жүрүшүндө эки сааттын ичинде 21 укук бузуу аныкталды. Алардын ичинен жөө жүргүнчүлөрдү жөө өтмөктөрдөн өткөрбөй койгон 14 айдоочуларга тийиштүү протокол толтурулуп, ар бирине 3 миң сомдон, ал эми көрсөтүлгөн жол чырактардан, жөө өтмөктөрдөн өтпөй, чоң унаа жүрүүчү жолдорду кесип өткөн жети жөө жүргүнчү аныкталып, ар бирине 1 миң сомдон айып салынды.

Рейддик иш-чаранын жүрүшүндө жөө жүргүнчүлөргө жана жөө жүргүнчүлөрдү өткөрбөй койгон айдоочуларга түшүндүрүү жана эскертүү иштери да жүргүзүлдү.

Эскерте кетсек, мындай иш-чара алдыда дагы чоң жолго жакын жайгашкан мектептердин айланасында улантылат.

Пикир

Оставить комментарий