Бишкек, 13.01.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө барды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, калаа башчысы үй-бүлөнү куттуктап, 90 миң сомдук сертификат жана азык-түлүк куржунун тапшырды.
Эске салсак, 20-декабрда Нурзида Садырбаева Нурбакыт, Нурмухамет, Нурсултан аттуу үч эмди жарык дүйнөгө алып келген. Үй-бүлөнүн жети баласы бар – 6 уул, 1 кыз.
Пикир
Оставить комментарий